super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө жакыр жашагандарга акысыз көмүр таратылды

 

Бүгүн, 5-декабрда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында КДСП фракциясынын депутаттары ата-энеси жок, туугандарынын колунда жашаган 54 балага, Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жакыр жашаган үй-бүлөлөргө көмүр таратып, райондогу майып балдарга арабаларды тапшырышты. Ошондой эле эл өкүлдөрү Тоңдогу жер титирөөдөн зыянга учураган үйлөрдү, мектеп имаратын кыдырып чыгышты.

Учурда Ысык-Көл облусунда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу фракциянын көчмө жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек БороновАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Каржы, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: