super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Ысык-Көлгө иш сапары менен барат

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-декабрда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчы Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда болуп, жер титирөөдө зыянга учураган тургундар менен жолугушат. Андан кийин кырсыкта жараксыз абалда калган мектеп, бала бакча жана үйлөрдүн абалын көрмөкчү.  

Айта кетсек, ушул жылдын 14-ноябрында жер титирөөнүн кесепетинен кийин Ысык-Көл облусу боюнча 3780 арыз түшкөн. Мындан улам 2071 турак үй жана 49 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 624 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 896 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 286 турак үй жана 15 социалдык объект III даражада, 187 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыр тарткан турак жайларга келтирилген материалдык чыгым 161 миллион 194 440 сомду, социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгым 39 миллион 702 148 сомду түздү. Жарандык коргонуу комиссиясы учурда текшерүүнүн экинчи этабын баштады. Ал эми өкмөт буга декабрь айынын аягында 50 миллион сом ссуда бермекчи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: