super.kg logo

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы согушка арналган саптарды окуу боюнча сынак өттү

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан "Согуш жөнүндөгү саптар" сынагы өттү. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамынын алкагында өткөрүлдү. Сынактын катышуучуларын мугалимдер, депутаттар жана чиновниктер баалашып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Ошентип, төмөнкүдөй жыйынтык чыкты: 

"Жаттап айтуу" номинациясы боюнча:

I орун. Алтынай Жапарова (№27-мектеп-гимназия);

II орун. Айдана Өскөнбаева (№12-мектеп-гимназия);

III орун. Айгерим Карыпова (№85-мектеп-гимназия);

“Көркөм окуу” номинациясы боюнча:

I орун. Ринат Жүдөмүшев (№18-орто мектеби):

II орун. Юлия Дворянинова (№33-мектеп-гимназия);

III орун. Талантбек кызы Милана (№86-орто мектеби).

Сынактын жеңүүчүлөрү грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Катышуучулардын ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: