super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын депутаттары өкмөттүн табигый кырсыктын кесепетин жоюуга көргөн аракетин “канааттандырарлык” деп тапты

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өкмөттүн табигый кырсыктын кесепетин жоюу аракетине “канааттандырарлык” деген баа берди. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 5-декабрда фракциянын депутаттары Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жер титирөөдөн жапа чеккен адамдар менен жолугушуп, курулуштардын абалын көрүштү.

Жолугушууда Тоң эли айрым турак жайларга келтирилген зыяндын көлөмүн кайра текшерип, категорияларын жогорулатуу жана “Кумтөр” долбоорунан “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондуна которулуп жаткан акчанын көлөмүн 2 пайызга чейин көтөрүп берүү өтүнүчтөрүн билдиришти. "Силердин өз фондуңар бар" деген шылтоо менен Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен гранттык каражаттар аз бөлүнөт. Андан сырткары жерди трансформациялоого салынган мораторийди алып салуу маселесин тездетип чечип берүүнү суранабыз",- дешти жергиликтүү тургундар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: