Бишкекте өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстан 5 алтын медаль утту





Кыргызстанда СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган
37-эл аралык мелдеш соңуна чыкты. 7 мамлекеттин спортчулары ат салышкан бул
мелдеште Кыргызстандын 5 спортчусу алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бокс федерациясынын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. Баш байгеге
ээ болгон боксчулар Рахманкул Аватов, Азат Усеналиев, Медер Мамакеев, Адилет Бекеев жана Сергей Паренко болду. Мындан сырткары кыргызстандык спортчулар 4 күмүш, 9 коло медаль жеңип алышты. Кыргызстандын атынан 40 мушкер катышса, анын ичинен 18 боксчу сыйлыкка татышты.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
altysha.kg

04.02.2013. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргыз жигиттери!!!Иншаллах мынданда чон-чон сыйлыктарга жетишиниздер!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.