super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы менен кызматташууну жандантуу керектигин айтты

 
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 5-декабрда БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын Качкындар иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Йоханн Сиффоантты кабыл алды. Маматалиев өкүлчүлүк башчысына көп жылдан берки кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буларды айтты: 
"Кыргызстан Жогорку комиссар башкармалыгынын качкындар иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жогору баалайт. Качкындардын укугун коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүдө жана 2010-жылкы Июнь окуясынан кийин түштүк облустардын калкына гуманитардык жардам көрсөтүүдөгү сиздин салымыңыз баа жеткис".
Жолугушуу жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен аталган башкармалыктын кызматташтыгын мындан ары да активдештирүү зарыл экендигин белгилешти.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: