super.kg logo
  Саясат  

Депутат Урмат Аманбаевага 29-декабрга чейин айыбы угузулушу мүмкүн

 
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева ооруканадан чыгып, үйүндө дарыланууда. Муну бүгүн, 5-декабрда депутаттын жактоочусу Нургазы Садыков SUPER.KG порталына билдирди. Жактоочунун айтымында, депутат ден соолугуна байланыштуу үй шартында эс алышы керек. "Тергөө иштери боюнча азырынча өзгөчө белгилечү деле нерсе жок, 29-декабрга чейин депутатка айыбы угузулушу мүмкүн",- деди Садыков.   
Эскерте кетсек, депутат Урмат Аманбаевага ноябрь айында операция жасалып, жоон ичегисинин бир бөлүгү кесилген болчу. 
Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: