Быйыл Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкерине кылмыш иши козголду
2014-жылы өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкерине кылмыш иши козголду. Муну аталган органдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, мекемеде 5-декабрда ыкчам жыйын өтүп, анда коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланды. ЖАМКнын башчысы Советбек Арбаев жыйындан кийин "коррупция менен күрөшүүдөгү алдын алуу иштерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн" деген айып менен эки башкармалыктын жетекчисин жана бир бөлүм башчыны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алганы айтылды. Коррупцияны тамырынан кыркуу иштери үзгүлтүксүз жүрүшү, өзгөчө көңүл бөлүм башчылары менен төмөнкү даражадагы кызматкерлерге бөлүнүшү керектигин билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

