Ошто авиакассанын кызматкери "260 миң сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деп айыпталууда
Ошто авиабилеттерди сатуу менен алектенген жеке компаниялардын биринин кызматкери "260 миң сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деп айыпталууда. Муну бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган фактынын бети ачылган. Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-пункту (ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин 2-пункту: "ишенип тапшырылган мүлктү өздөштүрүп алуу же коротуу" боюнча кылмыш ишин козголгон. Демек, кодексте (мыйзамда) жазылган.