Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдары 3 күндөн бери светсиз отурат
Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарында 3 күндөн бери свет жок. Муну бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары кабарлашты. Кардын калың жаашынан улам аймакка электр энергиясын жеткирчү чубалгылар үзүлүп, дагы эле оңдолбой туруптур. "3 күндөн бери жарык жок, башкасын айтпай эле коёюн, өчүп калган уюлдук телефондорду кубаттай албай убарабыз",- дейт айыл тургуну Бакберген Урусалиев. Анын айтымында, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 60 сантиметрге чейин жетти.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Негизи Аксыда эле эмес, бардыкКыргызстан боюнча свет очушун каалабайм.