super.kg logo
  Саясат  

ӨКМ: Куткаруучуларды даярдоо борборунда жаңы чакырылган 77 аскер ант берди

 

Чүй облусунун Садовое айылында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборунда 5-декабрда 77 аскердин ант берүү аземи болду. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана болочоктогу куткаруучулардын жакындары жана ата-энелери катышты. Аземдин ачылышында Сыдыгалиев кызмат өтөөгө жаңы чакырылгандарды куттуктап:

"Кызмат өтөө учурунда көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөнүп, аларды өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактоого колдоноруңарга ишенем. Ооба, куткаруучунун иши оор жана кооптуу. Бирок адам өмүрүн сактоо менен силер куткаруучулардын атын коргоп каласыңар. Куткаруучунун негизги милдети - куткаруу жана жардам берүү",- деп билдирди.

Куткаруучуларга 2015-жылдын январь, февраль айларында теориялык билим берилип, аны иш жүзүндө аткарууга куткаруучулар март айынан баштап киришет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: