Аксыда светсиз калган айылдарга электр энергиясы берилди
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3 күн светсиз калган айылдарга электр энергиясы берилди. Муну 8-декабрда Аксы РЭСинен билдиришти. Маалыматка таянсак, электр чубалгыларынын үзүлүшүнөн жарыксыз калган Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарына 6-декабрь күнү кечке маал электр энергиясы берилген. “Кар калың жаагандыктан, электр чубалгылары үзүлгөн. Оңдоо иштери кыйынчылыктарды жаратты, учурда айылдарда свет бар”,- деп кабарлашты мекемеден.
Райондо электр энергиясын себепсиз өчүрүүлөр жок экени, бирок авариялык өчүрүүлөр болуп жатканы айтылды.
Айта кетсек, аталган райондун айылдарына кар калың жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 70 сантиметрге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Aksy-13

08.12.2014. 18:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оох кудайым ай акыры свет берилиптир да эми очпосо экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.