super.kg logo

Ошто Манас таануу сабагы боюнча билимдүүлөр таймашы өттү

 

Ош мамлекеттик университетинде КРнын Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата 6-декабрда Манас таануу сабагы боюнча факультеттер аралык студенттик интеллектуалдык «Брейн-ринг» билимдүүлөр таймашы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, таймашта командалар Манас таануу сабагы боюнча суроо-жооп, блиц-тур, капитандар таймашы сыяктуу үч турда күч сынашып, алар атайын адистер тарабынан бааланды. Жыйынтыгында ОшМУнун Медициналык колледжинин командасы 1-орунду, педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы 2-орунду, бизнес жана менеджмент факультетинин командасы 3-орунду ээлешти. Ошондой эле 1-2-3-орунду ээлеген команданын курамына жана Манас таануу предметинен билим берген окутуучуларына дипломдор менен биргеликте Арстанбапка жайкы эс алууга жолдомолор тапшырылды.

«Брейн-ринг» билимдүүлөр таймашын уюштуруунун негизги максаты студенттер арасында интеллектуалдык деңгээли жогору студенттерди тандап алуу, билим алууга болгон кызыгууларын арттыруу, билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: