super.kg logo
  Саясат  

Башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздарга кайра Кыргызстандын жарандыгын алуу жобосу жеңилдетилмекчи

 

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде чет мамлекеттин жарандыгын алган кыргыздарга байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоору учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмакчы.

“Биздин мурунку жарандарыбыздын кызыкчылыгын колдоп, алардын өз эли менен аралашып кетишине шарт түзүп беришибиз керек. Андан сырткары этникалык кыргыздар, башка мамлекеттен келгендер Кыргызстанга келсе, жөнөкөй жол менен жарандыкты алышы керек. Ал эми депутаттар “коңшу мамлекеттердин жарандары Кыргызстандын жарандыгын алып, жерлерди сатып алуу коркунучу бар” деп жатышат. Ошондуктан өзгөртүү киргизип жатабыз. Анда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайдан келгендер бул укуктан ажыратылат”,- деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: