Бишкектин жолдорун кардан тазалоого 27 даана атайын техника жана 544 жумушчу ишке тартылды









Борбордо кечээ калың жааган карды тазалоо иштери түнү менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолдорду кардан тазалоо иштерине 5 трактор, 4 грейфердик жүктөгүч, ошондой эле 2 ЗИЛ жана 16 МАЗ 806 үлгүсүндөгү унаалар (жалпы 27 техника) ишке тартылды. Андан сырткары жөө жүрүүчүлөр басчу жолдорду тазалоого 544 жумушчу тартылган.
“Бишкектин борбордук көчөлөрүн тазалоо кечээ саат 21:00дө башталып, түнкү саат 2 чамасында аяктады. Эртең мененки саат 8де жолдорго кум жана туз чачылды. Унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн бардык күчтөр жумшалды”,- дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Ар ким өз милдетин жакшы аткарса мындай нерселер жоюлат эле...