super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 
"Урматтуу телерадио кызматкерлери! 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Телекөрсөтүү жана радио кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна терең сүңгүп кирди, коомдук пикирди түзүүдө эффективдүү инструмент катары негизги маалымат булагы болуп кызмат кылууда. Бул мамлекеттин жана коомдун алдында чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөйт. Сиздердин негизги миссияңыздар - бийлик менен коомдун ортосундагы диалогду камсыз кылуу, элдин кызыкчылыгы, тынчтык жана туруктуулук үчүн, жалпы адамзаттык маданий жана жан дүйнө баалуулуктарын сактоого кызмат кылуу". Ошондой эле куттуктоодо телерадионун өлкө турмушундагы маанилүү орду тууралуу кенен сөз болот. 
Мамлекет башчы тармактын кызматкерлерине бекем ден соолук, бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: