Жогорку Кеңештин комитети Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча макулдашууну колдоду
Бишкек шаарынын бир катар жолдорун оңдоого багытталган мыйзам долбоорун парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети 8-декабрдагы жыйынында колдоду. Тагыраак айтканда, борбор шаардын 3 көчөсүнүн жолун оңдоого акча бөлүү тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосунда 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, кытай тарап 52,5 миллион кытай юанын бөлүп, шаардын М.Ганди көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Маевка айылына чейинки бөлүгү), М.Ауэзов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү), Ж.Пудовкин көчөсү (Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү) оңдолгону жатат.
Айта кетсек, оңдолуучу жолдун жалпы узундугу 7,44 чакырым.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

