super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев милициянын ишкерлердин чарбасын текшеришине тыюу салынышы боюнча элге кенен маалымат берүүнү буйруду

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер органдарынын соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшеришине тыюу салынышы боюнча элге маалымат каражаттары аркылуу кенен түшүндүрмө берүү тапшырмасын берди. Бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөнүн бүгүн, 8-декабрда өкмөттөн билдиришти. 
Айта кетсек, жакында ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен милиция кызматкерлеринин соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшеришине тыюу салынган. Бул экономикалык кылмыштарды иликтөө ИИМдин карамагынан чыгарылганы менен байланыштырылган. Мындан ары милициянын бардык инспекторлору ишкер, соодагерлерден уруксат кагазы, патент, акча каражаты тууралуу дүмүрчөктөрдү сурап, талап кыла алышпайт. 
Буга чейин милиция кызматкерлери базарда соода кылгандардын патент жана башка документтерин текшерип келген эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: