super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу телерадио кызматкерлери!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм!

Маалымат өнүгүүнүн орчундуу факторуна айланган азыркы заманда телекөрсөтүү жана радиоуктуруунун өзгөчө орду бар. Сиздер өлкөдө жана дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан маанилүү окуяларды коомчулукка ыкчам жана так жеткирүү милдетин аркалап келесиздер.

Бүгүнкү ааламдашуу доорунда ар кыл өңүттөгү идеялык маалыматтар түрдүү технологиялык ыкманын негизинде жарандардын аң-сезимине таасир этип жатат. Мындай шартта телерадио кызматкерлеринин алдына олуттуу талаптар коюлуп, алардын кесипкөйлүгүнө болгон муктаждык улам жогорулоодо. Туруктуулуктун сакталышына, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине да сиздердин салымыңыздар зор. Ар дайым калыстыктан тайбай, Кыргызстандын жаркын келечеги, өлкөнүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектене беришиңиздерге тилектешмин.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: