Кыргызстан менен Катардын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу жактырылды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 8-декабрдагы жыйынында Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосундагы соода-экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.
Макулдашуу соода-экономикалык жана техникалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, байланыш, транспорт, курулуш, эмгек жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты карайт.
Аталган макулдашууга ушул жылдын 3-июлунда Доха шаарында эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кол коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















