super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын мурунку жарандарынын өлкөдөн турак жай сатып алуусун жеңилдеткен демилге комитетте жактырылды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 8-декабрда Кыргызстандын мурунку жарандарына өлкөгө кайтып келгенден кийин жер жана турак жай алууга, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев сунуштарга ылайык мыйзам долбоорунун редакциясы өзгөртүлүп жатканын билдирди. 

“Мурунку отурумда президенттин парламенттеги өкүлү мыйзамда “мурунку жаран” деген термин жок экендигин айтып, мыйзам долбооруна каршы чыккан. Мен айтып коёюн, биздин мыйзамда мындай термин колдонулат. Ал эми жаңы редакция этникалык кыргыздар өлкөгө кайтып келгенден кийин жөнөкөй түрдө Кыргызстан жарандыгын алуусуна жана мурунку жарандары жер тилкелерин чек ара аймактарынан сатып ала тургандыгына өзгөртүү киргизип жатабыз. Көпчүлүк депутаттар чочуп жатышат, “Өзбекстандын жарандыгын алган кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алып, чек арага жакын жердеги жерди сатып алса кантебиз?” деп. Ошондуктан Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кытайдын жарандыгын алган кыргыздарга мындай укук бербейбиз. Бул укук өзгөчө Орусияда жашаган кыргыздар үчүн берилүүдө”, - деди Текебаев.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: