super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүү боюнча гранттык макулдашууну артка кайтарышты

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 8-декабрда “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранттык макулдашуусунун долбоорун 1-окууда карады. Макулдашуунун максаты - Бишкектеги катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмөктөшүү.

Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 23,4 миллион еврону түзөт.  

Депутаттар жыйынга Бишкек мэриясынын өкүлдөрү келбегени үчүн макулдашууну кароону кийинкиге жылдырышты. Депутат Эркингүл Иманкожоева буга чейин да парламент тарабынан бир нече макулдашуу жактырылып, мэрия аны ишке ашырууга аракет кылбаганын айтты.

“Биз шаар тургундары үчүн деп комитеттен, палатадан бир нече макулдашууларды карап, кабыл алып бергенбиз. Акчалар кайда кеткени да белгисиз. Ошондуктан мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте карап, чечим кабыл алалы”,- деди депутат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: