super.kg logo

Борбор калаада студенттер уюштурган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

 
Салтанат Султанбаеванын сүрөтү.
Мария Михалкинанын сүрөтү.
Мария Михалкинанын сүрөтү.
Салтанат Султанбаеванын сүрөтү.
Айпери Жанызакованын сүрөтү.
Салтанат Султанбаеванын сүрөтү.
Малика Касымованын сүрөтү.
Иш-чаранын уюштуруучулары.
Иш-чаранын катышуучулары сүрөт тартууда кандай ыкмаларды колдонуу керектигин жана канткенде жакшы сүрөттөр жараларын талкуулашты.

Бишкекте бүгүн, 8-декабрда Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери уюштурган “Бишкек фокуста” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө аталган окуу жайдын коридорунда жайгаштырылган. Иш-чаранын уюштуруучусу ал жерден тынымсыз студенттер өтүп, ага сөзсүз көңүл бурарын белгиледи.

“Иш-чаранын негизги максаты - борбор калаабызды башка көз караш, башка ракурс менен карап, ага жаштарыбыздын көңүлүн буруу. Көргөзмөгө окуу жайда окуп жаткан ар улуттун өкүлдөрү тарткан 25 мыкты сүрөт коюлду. Ал 80ден ашуун сүрөттүн ичинен студенттердин добушу менен иргелип алынган. Сүрөттөр сентябрь айынан бери чогултулган. Анда адамдар, тамак-аш, шаардын көрүнүшү жана башка көптөгөн темалар камтылган. Бул көргөзмө бизде алгачкы жолу өтүүдө, буюрса, келерки жылы чоң масштабдагы көргөзмө өткөрөлү деген пландар бар",- дейт көргөзмөнүн уюштуруучусу Наргиза Рыскулова. 

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары сүрөт тартууда кандай ыкмаларды колдонуу керектигин, канткенде жакшы сүрөттөр жараларын талкуулашты. Маалым болгондой, көргөзмө ушул аптанын соңуна чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: