Кара-Кече – Дыйкан унаа жолундагы көпүрөнү курууда тендер мыйзамсыз өткөн
Кара-Кече – Дыйкан унаа жолундагы көпүрөнү курууда тендер мыйзамсыз өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылдын июль айында аталган унаа жолдогу көпүрөнү куруу боюнча тендер өткөн. Анда тендердик комиссиянын мүчөлөрү жана №3-өндүрүштүк-тилкелик автожолдор башкармалыгынын кызмат адамдары тендердин жеңүүчүсү катары “Д” ишканасын мыйзамсыз тандашкан. Мындан улам ишканага көпүрөнү куруу үчүн тиешелүү акча каражаты которулган. Бирок иш бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Анын кесепетинен мамлекет 3 миллион сомго жакын зыян тарткан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.