Өкмөт энергетикадагы 2,3 миллиард киловатт тартыштыкты кантип толуктайт? (инфографика)
Казакстандан алынган электр энергиясы 1,4 миллиард киловатт + Бишкек ЖЭБи кошумча өндүргөн 360 миллион киловатт + Ош ЖЭБи кошумча өндүргөн 50 миллион киловатт = 1 миллиард 810 миллион киловатт-саат. Дефициттин жалпы көлөмү 2,3 миллиард киловатт. Өкмөт калган 500 миллион киловаттай тартыштыкты электр энергиясын үнөмдөөчү атайын долбоорлорду ишке ашыруу менен жабууну пландоодо.

Кыргызстанды электр энергиясы менен 100 пайыз камсыздоо үчүн быйыл 2,3 миллиард киловатт-саат электр кубаты жетишсиз экени буга чейин жарыяланган. Мунун айынан өлкөдө маал-маалы менен свет өчүрүүлөр боло турганы айтылган, электр энергиясын үй жылытуу үчүн 3 фазада колдонууга чектөө коюлган эле. Бирок президент Алмазбек Атамбаев мындай демилгени токтотуп, Казакстандан электр энергиясын импорттоону өкмөткө сунуштады. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Казакстандан 1,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы алынмай болду. Өкмөт энергетикадагы тартыштыкты жабуу жолу табылганын билдирди. Кененирээк маалымат төмөнкү инфографикада.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

