Чым-Коргондогу мектеп директору окуучунун дене тарбия мугалими тарабынан сабалганы боюнча кызматынан алынды
Чым-Коргондогу мектеп директору дене тарбия мугалиминин 11-класстын окуучусун сабап салганы үчүн кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, дене тарбия мугалими 11-класстын окуучусун сабап салган. Анын кесепетинен мектеп окуучусу ооруканага жаткан. Учурда Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилип, мектеп директору кызматынан алынган. Ал эми дене тарбия мугалими боюнча иликтөө жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучу кыздардын шакегин алып алган. Мындан улам кыздар мугалимге ыйлап келишкен. Мугалим окуучуну чакырып, кийим кийүүчү жерден сабаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
beka88

08.12.2014. 19:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз канча таяк жегенбиз директордон эз учубуз кетип калат элего
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.