Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды
Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер жергиликтүү тургунга жер тилкесин каттоо боюнча маселени оң жакка чечип берүүнү убада кылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.