super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатат

 

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 8-декабрдагы отурумунда "Мамлекеттик чек ара” жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик органдардын укуктарын бекемдөө экенин айтты.  

“Мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик органдардын укуктарын бекемдөө максатын көздөйт. Мамлекеттик чек ара боюнча мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 3-4 жолу өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген. Бирок бизге чек ара жөнүндө жаңы мыйзам керек”, - деди Дүйшөмбиев.

Депутат Исмаил Исаков демилгеге каршы. 

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун редакциясында кемчиликтер бар. “Мен шашпай отуруп, ар бир пунктун изилдеп чыктым. Азыркы абалы менен кабыл алсак, президенттин Куралдуу күчтөр тууралуу реформаларын четке кагып салабыз. Ошон үчүн кайра иштеп чыгууну сунуштайм”,- деди ал.

Талкуу жыйынтыгында эл өкүлдөрү демилгени кайра карап чыгуу үчүн артка кайтаруу чечимин кабыл алышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: