super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт

 
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 9-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарындагы Иваницин, Үмөталиев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу көчөсүндөгү №22-көп кабаттуу үйдө, Балбан-Таймаш, Арча-Бешик, Ак-Босого жаңы конуштарында көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында саат 09:00дөн 17:00гө чейин, Гавриловка айылында 09:00дөн 12:00гө чейин Горький, Пушкин, Забайкальская, Школьная, Олимпийская, Северная, Дружба, Новая көчөлөрүндө жарык өчөт. Гавриловкадагы Южная, Восточная, Фрунзе көчөлөрүндө, Шопоков шаарындагы Достук, Футбол, Тынчтык көчөлөрүндө саат 12:00дөн 16:00гө чейин чектөө киргизилет. 

Мындан сырткары саат 09:00дөн 17:00гө чейин Новопавловка, Военно-Антоновкада, Сокулук районунда электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: