super.kg logo
  Саясат  

Кытай Бишкек шаарынын үч көчөсүн оңдоого гранттык каражат бөлүүдө

 

Бишкек шаарынын үч көчөсүн оңдоого Кытай өлкөсү каражат бөлүп жатат. Тийиштүү макулдашууну бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети карап, парламенттин кароосуна 3-окууда алып чыгуу чечимин кабыл алды. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 31 миллион доллар гранттык каражат карап жатат. Бул каражатка Бишкектин 105 чакырым жолу оңдолот. Жолдун алгачкы фазасында Бишкек шаарынын үч көчөсүн (7,44 чакырым) калыбына келтирүү багытында 52,5 миллион юань (491,688 миллион сом) бөлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: