super.kg logo
  Саясат  

Ольга Лаврова "республикалык бюджетке түзөтүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен киргизилүүгө тийиш" деген сунушка каршы

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 8-декабрда "Кыргызстандын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Талкууда каржы министри Ольга Лаврова депутаттардын "республикалык бюджетке түзөтүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен киргизилүүгө тийиш" деген сунушуна өзүнүн каршы экенин билдирди. Министрдин айтымында, мындай тартип айрым иштерди өкмөттүн тез чечүүсүнө тоскоолдук кылат. "Мисалы, Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, Казакстандан электр энергиясын сатып алуу сындуу шашылыш маселелердин чечилишине зыянын тийгизет",- дейт Лаврова.

Министр КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн жыл сайын акча бөлүп турууга макулдук берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: