super.kg logo

Биринчи Май райондук администрациясы шаардыктарды муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырууда

 

Коомдук жайларда, шаарды көрктөндүрүүдө тазалыкты жана маданий жүрүм-турумду сактоо максатында Биринчи Май райондук администрациясы шаар тургундарын жана конокторду муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө жаштар коомдук жерлерде жүрүм-турум эрежелерин сактабай, муниципалдык мүлктөрдү бузуп, чатырчалуу орундуктарга ар түрдүү жазууларды калтырышууда.

Биринчи Май райадминистрациясы Эркиндик бульварындагы таштанды үчүн челектерди, чатырчалуу орундуктарды, Бишкек шаарындагы бардык муниципалдык мүлктөрдү, коомдук жерлерде көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин сактоого жана аяр мамиле кылууга үндөөдө.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук администрациясы Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын колдоосунда 2013-жылы Эркиндик бульвары көрктөндүрүлүп, оңдоп-түзөө иштери өткөрүлгөн. Бульвар толугу менен оңдолуп, бардык орундуктар сырдалган. Жаңы таштанды челектери коюлуп, тышкы жарыктандыруу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулган. Ушул жылдын жай мезгилинде 12 чатырчалуу орундук жаңы орундуктарга алмаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: