super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Катардын ортосунда кызматташтык боюнча 7 документке кол коюлду

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Катардагы иш сапарынын алкагында 8-декабрда өлкөнүн эмири Ахмад Мухаммад аль-Саед менен жолугушуп, жыйынтыгында 7 документке кол коюлду. Кол коюлган макулдашуу жана меморандумдар төмөндө:
1. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестицияны кеңейтүү жана коргоо жөнүндө макулдашуу;
2. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
3. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Катардын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум; 
4. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашуу;
5. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы маданият тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;
6. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн ортосундагы жаштар саясаты тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;
7. Бишкек мэриясы менен Доха мэриясынын ортосундагы боордоштук байланышты түзүү тууралуу макулдашуу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: