super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт малды паспорттоштуруу иши боюнча жыйын өткөрүүдө

 

Бүгүн, 8-декабрда өкмөттө Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо ишине байланышкан жыйын өтүүдө. Анда малды паспорттоштуруу маселеси талкууланып жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана парламент депутаттары катышууда. Маалым болгондой, республикада малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүүгө Польша өкмөтү тарабынан бөлүнчү 40 миллион евро жеңилдетилген насыянын 16 миллион евросун багыттоо пландаштырылууда. Малды паспорттоштуруу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын ишке ашыруу процессиндеги өкмөт программасынын стратегиялык багыттары болуп эсептелет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: