Алмазбек Атамбаев Бишкекке учуп келди



Президент Алмазбек Атамбаевдин Катардагы иш сапары аяктап, 8-декабрда Бишкекке учуп келди. Муну президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, мамлекет башчынын араб өлкөлөрүнө жасаган иш сапары бир аптага созулду. Президент 2-4-декабрда Сауд Арабиясында, 4-7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында, 7-8-декабрь күндөрү Катар мамлекетинде болду. Үч өлкөнүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкка негизделген бир катар макулдашуулар түзүлдү. Мунун ичинде кылмышкерлерди кайтарып берүү, соода-экономика, туризм, инвестиция тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү келишимдери бар.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

