super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сузакта тынымсыз жааган кардан улам жабылып калган ички чарбалык жолдор калыбына келе элек

 

Сузакта ички чарбалык жолдор калыбына келе элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, кар күрткүнүн кесепетинен Кашка-Терек - Кыз-Көл ички чарбалык жолу жабылган. Аталган жол Кыз-Көл айыл аймагынын балансында турат. Тазалоо иштери техниканын жоктугунан улам баштала электигин айыл аймактан билдиришкен.

Андан сырткары Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагына караштуу Жалал-Абад - Орток унаа жолунун 40-чакырымынан 50-чакырымына чейин 7-декабрдан 8-декабрга караган түнү шамал болуп, күрткүнүн айынан унаа жол каттамы токтогон. Аталган унаа жол №52-жолдорду эксплуатациялоо мекемесинин балансында турат. Тазалап жаткан бульдозер бузулуп калгандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтоп калган. Аталган унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана бульдозер тартылып, 9-декабрь күнү саат 08:00дө аталган аймакка жөнөп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: