super.kg logo

Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары башталды

 

Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-267-чакырымдарында жана Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында кар көчкүсү күтүлөт. Мындан улам 9-декабрдан 12-декабрга чейин кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чарасына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 20636-аскер бөлүгүнөн (Балыкчы шаарындагы) жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 36806 (Ош шаары) аскер бөлүгүнөн артиллериялык топ тартылды.

Аталган иш-чараны аткаруу максатында Балыкчы шаарында уюшулган артиллериялык топ 2014-жылдын 9-декабрында саат 07:10до жолго чыкты.

Ал эми Ош шаарында артиллериялык топтун жолго чыгуу даярдыгы жүрүп жатат.

Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иш-чаралары жүрүп жаткан учурда Бишкек-Ош унаа жолу жана Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылат. Ошого байланыштуу министрлик жарандарга аталган унаа жолдору аркылуу жолго чыкпай турууну эскертет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: