super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар чиновниктерди чыгашасын да көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун артка кайтарууну суранышууда

 

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында чиновниктерди тапкан кирешесин гана эмес, чыгашасын да декларацияда көрсөтүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана алардын жакындарынын да киреше, чыгашасын декларациялоо сунушталууда. Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысынын айтымында, чиновниктердин чыгымдарын натыйжалуу алдын алууга, ошондой эле системдүү коррупцияны жоюуга багытталат. Ал эми чиновник кызматтан кеткенден кийин да 2 жыл киреше жана чыгашалары тууралуу маалымат берип турушу керек.

Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуш кылды. “Сиздер “саясий жана муниципалдык кызматкерлердин” деп жатасыздар. Бирок бул жерде “мамлекеттик кызматта тургандардын декларациясын көрсөтүү” деп гана турат. Муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек. Ошондуктан кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү суранам”,- деди Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: