Тармактык комитет Судьяларды тандоо кеңешине талапкер шайлоо чечимине байланышкан кайрылууну четке какты
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети депутат Бакыт Шаршеевдин Судьяларды тандоо кеңешине талапкер шайлоо чечимине байланышкан кайрылуусун кароону четке какты. Мындай чечим комитеттин 9-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров парламент Сотторду тандоо кеңешинин 20 мүчөсүн шайлап бергенин айтып, аталган кайрылууну кароонун зарылчылыгы жок экенин билдирди. “Комитет кайрылууну караганы менен, эч кандай пайда таппайт. Бир ай мурун парламент кеңештин 20 мүчөсүн тандап берген, дагы 4 мүчөсү каралганы турат. Ошон үчүн депутаттын кайрылуусун кароодон алып салалы”,- деди Зулпукаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

