super.kg logo

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды, кийинки жылдан тарта окуучулар мурун жылкы багылган жайда окубай калышат

 
Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев.
Күндүн катуу суугуна карабастан, жаңы мектептин пайдубалына капсула салуу аземине жаңы конуштун бардык мектеп окуучулары катышты.
Иш-чара Калыс-Ордо жаңы конушунун аксакалдарынын бата берүүсү менен аяктады.
Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушунда бүгүн, 9-декабрда жаңы салынчу мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Аталган жаңы конушта 6 миңден ашуун түтүн жашайт. Ал жакта буга чейин мектеп болбогондуктан, балдар коңшу райондогу мектепке жөө барып-келип билим алууга аргасыз болушчу. Бүгүн күндүн катуу суугуна карабастан, мектептин пайдубалына капсула салуу аземине жаңы конуштун тургундары жана окуучулар катышты. Балдардын маанайы көтөрүңкү болуп, ар бир айтылган каалоо-тилекке катуу кол чаап, сүйүнүп жатышты. 
"Буга чейин Калыс-Ордо жаңы конушунун окуучулары убактылуу мектепте билим алышчу. Алар айланма жолдогу Коргоо министрлигинин мурда жылкы бакчу көмөк чарба имаратында окуп келишкен. Буюрса, эмдиги жылы бул конуштун балдары жаңы, заманбап мектепте окууга мүмкүнчүлүк алышат. Мектептин курулушу көпчүлүктүн кийлигишүүсү менен ишке ашырылууда. Анын жалпы суммасы 120 миллион сомдун тегерегинде болот",- дейт Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев.    
"Бул мектеп жаңы долбоор жана жаңы технология менен салынат. Ал 750 окуучуга ылайыкталган жана анда 2 нөөмөттө окуп, жалпысынан 1500 окуучу билим алат. Буюрса, курулуш иштери 1 жылдын ичинде толугу менен аяктап, 2015-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга салтанаттуу түрдө берилмекчи",- деди борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов. 
Мэр өз сөзүндө тамашалап, эртең менен Катардан келгенин, ал жакта күн жылуу экенин жана бул жакта үшүп жатканын айтты. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштерин кытайлык "TBЭА" компаниясы каржылап, аны кыргыз курулушчулары салмакчы.     





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: