super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков айрым бай саясатчылар түрмөдөн коркуп, өлкөдөн качып кетип жатышканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков “айрым бай саясатчылар коррупцияга каршы күрөштөн коркуп, өлкөдөн тымызын качып кетип жатышат” деп билдирди. Депутат бул тууралуу парламенттин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында мамлекеттик кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү активдерге ээ болуусуна тыюу салчу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.

Депутаттын пикиринде, чиновниктер байлыгын Кыргызстанда гана сакташы керек. “Орусия чиновниктеринин башка мамлекеттеги активдерин жаап салды. Биз да ушундай кылышыбыз керек. Эмнеге байлыкты бул жактан таап, башка мамлекетте сакташы керек? Учурда коррупцияга каршы күрөш күчөп жаткандыктан, айрым чет жакта байлыгы бар саясатчылар тымызын качып кетип жатышат”,- деди Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: