super.kg logo
  Саясат  

Надира Нарматова депутат Бакыт Шаршеевге таң калганын айтып, аны "Сиз да биздин фракциядан депутатсызбы?" деди

 

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында фракциялашы Бакыт Шаршеевден “Сиз да "Ата Журт” фракциясынын мүчөсү белеңиз?” деп сурады. Нарматова кесиптешин жыйындарга катышпаганы үчүн айыптады. “Ата Журттун" мүчөсү болсоңуз, эмне үчүн фракциянын жыйындарына катышпайсыз? Отурумдарга катышпай жүрүп, бүгүн бул жерде фракциянын атынан сүйлөп жатканыңызга таң калып турам",- деди депутат. Шаршеев фракция мүчөсү экенин билдирди. “Мен фракция мүчөсүмүн. Бирок бул жерде ал тууралуу маселе жок. Мен Сотторду тандоо кеңеши боюнча өз оюмду айтып жатам”,- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: