Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелген өспүрүм кармалды

Борбор калаада "унаа уурдаган" деген шек менен өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 34 жаштагы Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын ээси кайрылган. Анда ал короого токтотуп койгон унаасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Учурда бул өспүрүм бир нече жума мурун ушул эле райондон 29 жаштагы шаардын тургунунун Жигули үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткени аныкталды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.