super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлерине кол көтөргөн Чүй районунун тургуну кармалды

 

Милиция кызматкерлерине мас абалында каршылык көрсөтүп, алар менен мушташкан Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-декабрда милиция кызматкерлерине чакыруу түшкөн. Анда мас абалдагы бир жаран көчөдөн ары-бери өткөндөргө тийишип, кыйкырынып, сөгүнүп жаткандыгы айтылган. Чакырылган дарекке келген милиция кызматкерлери ал жаранды тынчтыкка чакырган учурда мас жаран аларды сөгүп, мушташып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Чүй районунун 33 жаштагы тургуну райондук милиция бөлүмүнө алынып келген. Учурда ал жаранга карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.12.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милицияны сабаган кытайлар эмне болду ошолор жонундо маалымат берип койсонор жакшы болот эле.Акчадан ыргытып чыгып кетиштиби же мыйзам боюнча жазаландыбы?
09.12.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadin2, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: