Жыл башынан бери Коррупцияга каршы кызмат тарабынан 306 кылмыш иши козголгон
Жыл башынан бери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 306 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу аталган кызматтан бүгүн, 9-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо жана күч органдарында 59, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 53, Бажы кызматында 28, энергетикада 20, Агроөнөржай комплексинде 18, Каттоо кызматында 16, Салык кызматында 16, башка тармактарда 16, билим берүүдө 14, социалдык тармакта 13, сот системинде 12, тоо-кен өндүрүшүндө 12, финансы-кредиттик мекемелерде 10, саламаттыкты сактоодо 8, транспорт тармагында 7, архитектура жана курулушта 3, Мамлекеттик мүлк башкармалыгында 1 кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.