super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Парламенттик демократия саясий маданиятты өзгөртүп, элдин үмүтүн актады"

 
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 9-декабрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоо алдындагы абал, шайлоого саясий партиялардын даярдыгын талкуулашты.

Текебаев 2015-жылы коомчулук Кыргызстандагы парламенттик демократиянын жакшы жана начар жактарын белгилей турганын айтты. Коомдук пикирди сурамжылоо жыйынтыгында алардын жарымы парламенттик демократияны колдой турганы белгилүү болгонун, мурда алардын саны мындан аз болгонун кошумчалады депутат. "Парламенттик демократия өлкөдөгү бийлик менен саясий маданиятты өзгөртүп, коомчулуктун үмүтүн актады. Азыр бийликтин монополиясы жоюлуп, бийлик коомдук пикир менен эсептеше баштады", - дейт Текебаев.

Депутат саясий уюмдарды бекемдөө жана парламенттик фракциялардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн шайлоо системин өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи. 

Элчи Англиянын кыргыз парламенти менен иштешүүгө кызыкдар экенин, аталган өлкөдө да 2015-жылы парламенттик шайлоо өтө турганын айтты. "Биз Кыргызстанга парламенттик демократияны калыптандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү жагынан жардам берүүгө даярбыз",- деди элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: