super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Конституция натыйжалуу иштеп жатат"

 

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда спикер Кыргызстан АКШ менен болгон мамилелерге өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Кыргызстан акырындык менен парламенттик өнүгүү жолунда бара жатканын, анын негизинде өлкөдө туруктуулук, мамлекеттик башкарууда реформалар жүрүп жатканын билдирип: "Жаңы саясий системдин негизинде Кыргызстанда мамлекеттик чечимдер ачык-айкын жүрүп, коомчулуктун көз карашы эске алынууда. Баш мыйзам бардык жарандардын укуктарынын кепилдиги катары натыйжалуу иштеп жатат”,- деди төрага. 

Элчи өзүнүн Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы учурунда өлкөдө жылыштарга күбө болгонун айтты. “АКШ мамлекети Кыргызстанды демократиянын принциптерин сактаган реформаларды мындан ары да улантарына ишенет”,- деди Спратлен.

Асылбек Жээнбеков анын Өзбекстанга жаңыдан элчилик кызматка бара жатканын белгилеп: “Сиз АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары эки өлкөнүн бардык тармактарындагы мамилелерин бекемдөөгө чоң салым коштуңуз”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: