Абдырахман Маматалиев табият кырсыктарынын алдын алуу негизги иштердин бири экенин айтты
Кыргызстанда быйыл кышында негизги милдеттердин бири - табият кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жарандык коргонуу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын 9-декабрдагы жыйынында билдирди. Жыйындын максаты - Жарандык коргоо комиссиясынын профилактикалык иштерди жүргүзүүгө жана чукул кырдаалдар катталган учурда иш жүргүзүүгө даярдыгын текшерүү экенин кошумчалады өкмөт өкүлү.
"Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунун элдин жашоо-турмушундагы экономикалык, социалдык мааниси канчалык экенин баарыбыз билебиз",- деди Маматалиев жарандык коргоо темасы өлкөнүн улуттук коопсуздугунун маанилүү бөлүгү экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

