super.kg logo
  Саясат  

Ошто зомбулукка таянган экстремизмдин алдын алууну күчөтүү маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 9-декабрда Ош шаарында “Кыргызстанда зомбулукка таянган экстремизмдин алдын алуу дареметин күчөтүү” деген темада тегерек стол өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, ИИМдин Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери менен этностук аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактык өкүлү Расул Жолдошов, УКМКнын, Ош облусунун райондук ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты

Тегерек столдун негизги максаты - экстремизмдин алдын алууда дин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын бирге иш алып баруусуна көмөк көрсөтүү.

Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришкендей, тегерек столдун жүрүшүндө облус казысы Н.Арипов “Жаштар жана аялдар арасында экстремизмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен ислам уюмдарынын өз ара аракеттери” аттуу темада баяндама жасады. Диний саясат боюнча жаңы кабыл алынган концепциянын негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, концепцияда коюлган максаттарга жетүү үчүн уюштурулган иш-чараларда укук коргоо органдары менен дин кызматкерлери тыгыз иштешүүсү керектигин кошумчалады.

Катышуучулар экстремизм, жихад, салафизм, диний билим берүү тууралуу маалыматтарды талкуулашып, ар түрдүү суроолорго тиешелүү жооптор берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: