Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык аял кармалды
Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган Хамидахон Содикова аттуу Өзбекстандын жараны “Манас” аэропортунун аймагынан кармалган. Ал 2014-жылдын сентябрь айынан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Ошондой эле анын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, Ысык-Ата районунан жаңы паспорт алганы аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Бир таанышым башка олконун жараны болуп эч бир документи жок бир жумада алган